Родственники пациента Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии

Бишкекте кырсыктаган маршрутка: жабырлангандардын чыгымын жаап беришет

117
(жаңыланган 13:47 09.01.2020)
Жабырлангандар компенсация алуу үчүн дары-дармек менен дарыланууга кеткен чыгымдардын суммасы жазылган документти көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Борбор калаада кырсыктаган маршрутканын жүргүнчүлөрүнө дарыланууга кеткен чыгым төлөнүп берилет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "АТН Полис" компаниясынан кабарлашты.

Буга чейин Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде №243 маршрутка тайгаланып, жол жээгиндеги бакты сүзгөндүгү кабарланган. Анда 14 жаштагы кыз менен 67 жаштагы аял жабыркаган.

Компаниянын өкүлү Кайрат Өмүрбеков кырсык болгон жерге барып келгенден соң аталган автоунаанын айдоочусу буга чейин эле 18 орундуу маршрутканы ОСАГО системасы боюнча камсыздагандыгын айтты.

Компанияга эки кишинин жабыркагандыгы боюнча маалымат беришкен. Бирок алардын саны улам көбөйсө да дарыланууга кеткен чыгымдардын баары бир кайтарып берилери айтылды. Кеп дары-дармекке, дарыланууга, медициналык тейлөөгө, маселен, томографияга кеткен чыгымды жабууга бөлүнө турган 300 миң сом боюнча жүрүп жатат. Аны менен катар эле компания автокырсык учурунда жүргүнчүнүн буюм-тайымы талкаланып калса, аны калыбына келтирүү үчүн 10 миң сом бөлүп берери маалымдалды. Маселен, мобилдик телефон же башка оокаттар болушу мүмкүн.

Анын айтымына караганда, акчаны төлөп берүүгө бир айдай убакыт сарпталат. Компанияга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын токтому менен дарыланганы боюнча финансылык кагаздар түшкүчө, ага кошумча бөлүнгөн акчаны төлөө мөөнөтүн эске алганда жогорудагыдай мезгил керектелет. Жабырлангандар каражатты нак же которуу жолу менен алса болот.

Компания өкүлү Темирлан Кабылбековдун айтымында, башка дагы бир вариант бар. Айдоочу кеткен каражатты компанияга өзү төлөп берип турат да, кийин ага камсыздоо ишканасы кайтарат. Анда компания айдоочуга каражатты которуу түрүндө берет.

117
Белгилер:
компенсация, каражат, камсыздоочулар, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (52)
Тема боюнча
Сокулук РИИБдин башчысы кабылган кырсык боюнча милиционерлер жазаланды
Жол четинде турган. Милиция аялды маршрутка сүзүп кеткен кырсыктын чоо-жайын айтты