Ош: түндө көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДетский социально-реабилитационный центр "Отрадное"
Детский социально-реабилитационный центр Отрадное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристени 29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ош шаарында түнкүсүн көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто дарыгерлер 8 айлык бөбөктүн тамагына тыгылган тыйынды алып чыкты
Маалыматка караганда, бөбөктүн энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну болуп эсептелет. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Учурда эки жаштагы кыз реабилитациялык борбордогу кызматкерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, наристени  29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан. Аны Тез жардам кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0