Тажикстан менен болгон чек арада кыргыз тарапка белгисиз кишилер ок атууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКуралчан аскер кызмакери. Архив
Куралчан аскер кызмакери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан тараптан таштар ыргытылып, кыргызстандык эки жарандын автоунаасына тийген жана чек арачы менен милиционерге ок атылгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккандыгын КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Анда 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын таш менен койгулагандыгы айтылган. Ошол эле адамдар андан соң Тажикстандын аймагын көздөй кирип кетип, из жашырган.

КРдин тартип коргоо органдарынын маалыматына караганда, автоунааны ичинде отурган адамдар жабыркап, автокөлүктүн маңдайкы жана каптал жагындагы айнектер талкаланып кеткен.

Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандыктар Кыргызстан менен чектешкен аймактагы курулуш иштерин токтотту
Андан соң бир сааттан кийин Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй кетип бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасын ташка алган. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлери Тажикстан тараптан ок атууга туш келген.

Маалыматта ок улам атылып жана ал Тажикстан тараптан чыгып жатканы айтылат.

Чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүгү күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0