Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Акыркы маалымат

© AFP / MLADEN ANTONOVЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүгү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Тажикстан тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

"Ушу тапта чек ара тарапта абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок кайсы бир деңгээлде чыңалуу бар. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын таш менен койгулагандыгы айтылган. Ошол эле адамдар андан соң Тажикстандын аймагын көздөй кирип кетип, из жашырган. Автоунааны ичинде отурган адамдар жабыркап, автокөлүктүн маңдайкы жана каптал жагындагы айнектер талкаланып кеткен.

Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандыктар Кыргызстан менен чектешкен аймактагы курулуш иштерин токтотту
Болжол менен бир сааттан кийин Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй кетип бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасын ташка алган. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлери Тажикстан тараптан ок атууга туш келген.

Чек арадагы күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев координациялоодо.

Ал эми Баткен облустук милициясы унаалардын талкаланышы боюнча факт каттоого алынганын билдирди. Мындан тышкары, түнү менен милиция кызматкерлери Көк-Таш айылынын тургундарын ошол эле жердеги орто мектептин имаратына көчүрүшкөн. Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк аркылуу өткөн Ош — Баткен — Исфана жолу ачык экени жана автоунаалар тоскоолдуксуз өтүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0