БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда чоң энесин бычактап качып кеткен 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 23 жаштагы шектүү Өзгөн райондук милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, буга чейин милиция шектүүгө издөө жарыялаган болчу.
"2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00дөр чамасында Өзгөн шаарынын 23 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну пикир келишпестиктен 71 жаштагы чоң энесин бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кеткен. Жигиттин чоң энеси алган жараатынан Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кылмышка шектелип жаткан 23 жаштагы жигит 2019-жылдын 9-декабрында Россиядан келип, 12-декабрга караган түнү Өзгөн шаарындагы үйүнө такси менен барган. Бирок жол акысына акчасы жок болгондуктан, 4000 сомду туугандары төлөгөн. Эртеси, 12-декабрь күнү, шектүү үйүн тинтип жаткан кезде чоң энеси кирип келип калган. Жигит Россияда кумар ойноп карыз болгонун айтып, андан акча талап кылган. Улгайган аял өзүндө акча жоктугун айтып, кыздарынан сурап берерин билдиргенде, небереси аны бычак менен сайып жиберген", — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатат.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.