Бишкекте төрт жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу бир айдан кийин кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗадержание подозреваемого водителя в наезде на пешехода
Задержание подозреваемого водителя в наезде на пешехода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан кийин бөбөктү шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырышкан. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу бир айдан кийин кармалды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Борбор калаада төрт жаштагы баланы сүзүп кетти деген айдоочу бир айдан кийин кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 2019-жылдын 4-декабрында болжол менен саат 14:00дө "Ак-Өргө" конушунун аймагындагы Гагарин көчөсүндө болгон.

"Жүк ташуучу унаанын айдоочусу төрт жаштагы баланы сүзүп, из жашырып кеткен. Бөбөктү апасы 3-шаардык балдар ооруканасына жеткирген", — деп жазылат маалыматта.

Аталган кылмышка шектелип жакында эле 26 жаштагы айдоочу кармалды. Анын "ГАЗ 53А" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0