Өзгөндө чоң энесин бычактады делген небере 2 айга камакка алынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАбактагы шектүү адам. Архив
Абактагы шектүү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пикир келишпестиктен улам чоң энесин бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кетүүгө шектелген жигит бир айдан кийин кармалган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда чоң энесин бычактаган делип кармалган жигит эки айга камакка алынды. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарларды.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Төрт баланын энеси эле. Сузакта аялын бычактап өлтүрдү делген киши кармалды
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 12-декабрында Өзгөн шаарынын 23 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну 71 жаштагы чоң энесинен акча сурап жаңжалдашып, бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кеткен. Милиция ага издөө жарыялап, 10-январь күнү кармаган.

Небересинин колунан жаракат алган чоң эне учурда Өзгөн райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Абалы канааттандырарлык.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0