Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиДТП с двумя грузовиками на Иссык-Куле
ДТП с двумя грузовиками на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга кабар саат 2.30да түшкөн. Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында болгон.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 14-январга караган түнү Ысык-Көлдө КамАЗ жана МАN жүк ташуучу унаалары кагышып, жыйынтыгында эки адам каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области14-январга караган түнү Ысык-Көлдө КамАЗ жана МАN жүк ташуучу унаалары кагышып, жыйынтыгында эки адам каза тапты
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
14-январга караган түнү Ысык-Көлдө КамАЗ жана МАN жүк ташуучу унаалары кагышып, жыйынтыгында эки адам каза тапты

Ал эми каргашаныны видеосу Telegram-каналынын "Короче" тайпасына жүктөлдү.

Укук коргоо органдарына кабар саат 2.30да түшкөн.

Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында болгон.

Чыгыштан батышты көздөй бара жаткан КамАЗ бет маңдай келе жаткан МАN менен сүзүшүп, кесепетинде автолор өрттөнө баштаган.

"Жеринде КамАЗдын 37 жаштагы айдоочусу жана 41 жаштагы жүргүнчү каза болду. Ал эми экинчи унаанын 31 жаштагы айдоочусу жана 18 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0