Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги видео

© © SputnikЮбилейный концерт Юлдуз Усмановой в Москве
Юбилейный концерт Юлдуз Усмановой в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын аягында Тажикстандын Истаравшан шаарында белгилүү ырчы Юлдуз Усманованын концерти өтмөк. Бирок анын ордуна өзбекстандык пародист барган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, күйөрмандар сүйүктүү ырчысынын ар бир кыймыл-аракетин окшоштургусу келген пародистти гана көрүшкөн.

Айрымдар сахнада ырчы өзү эмес экенин дароо байкашкан. Ал тургай кээ бирөөлөр анын эркек киши экенин билип коюшкан.

Видео Istaravshan official Youtube каналына жүктөлдү.

Анда көрүнүп тургандай, эркек киши үстүнө жылтыраган көйнөк, башына парик кийип, боенуп алып Усманованын ырларын ырдап жатканын көрүүгө болот. Кийин ал өзбек куудулу Рустамходжа Усмонов экени белгилүү болду.

"Азия-Плюс" маалымат агенттигине берген маегинде ал иш-чарага билеттер сатылганын билбегенин, өзү да алданып калганын айтты.

"Мага чакан банкетте ырдайсың, эч кандай көйгөй болбойт деп айтышкан. Мен Юлдуз Усманова эмес, кадимки куудулмун. Тажикстандын элинен кечирим сурайм", — деди Усмонов.

Өзүнүн айтымында, ал 10-11 ыр ырдагандан кийин кече ээлери ыраазычылыгын билдирип, убада кылган 1000 долларын төлөп берип кетиришкен. Бирок өз мекенине кайткандан кийин аны жана командасын "Тажикстандын элин алдап келдиңер" деп шылдыңга алгандар болгон.

Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Продюсер россиялык артисттердин корпоративдеги гонорарын ачыктады
Концерттин уюштуруучулары көрүүчүлөрдү гана эмес, шаар жетекчилигин дагы алдап кетишкен. Мэрдин орун басары Нигора Наимжонзоданын айтымында, уюштуруучулар өзбек жылдызы Юлдуз Усманованын концертин өткөрөбүз деп мэрияга кат жолдошкон.

Ал эми ырчы Усманованын өзү Тажикстандагы концерт тууралуу эч кабары жок жаңы альбомунун үстүндө иштеп жатканы айтылды.

SugdNews басылмасынын жазганына караганда, концертти уюштурган Саидджон Ганиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине ("Шылуундук") ылайык кылмыш иши козголду.

Чуу жараткан концертке барган көрүүчүлөр уюштуруучуларга жалпысынан 110 миң сомони (11,5 миң доллар) беришкенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0