Ысык-Көл: жүк ташуучу унаалар кагышкандан кийин өрттөнүп кеткен учуру видеодо

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусундагы Чок-Тал айылынан анча алыс эмес жерде болжол жол кырсыгы
Ысык-Көл облусундагы Чок-Тал айылынан анча алыс эмес жерде болжол жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн божомолунда, унаалардын кагышуусуна жолдун тайгактыгы себеп болушу ыктымал. Окуянын кесепетинен эки адам көз жумду.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Чок-Тал айылынан анча алыс эмес жерде жүк ташуучу унаалар кагышып кеткенден кийин өрттөнүп жаткан учурун күбөлөр видеого тартып алышкан.

Кадр Telegram каналынын "Короче" тайпасына жарыяланды.

КамАЗ менен MAN унааларынын кагышуусуна жолдун тайгактыгы себеп болушу ыктымалдыгы болжолдонууда. Видеонун автору айдоочуларды сак болууга чакырган.

Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында 14-январда болгон. Окуянын кесепетинен КамАЗдын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми экинчи унаадагы айдоочу менен жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0