Дайынсыз жоголгон чүйлүк кыз Москвадагы абактан табылды

Жазылуу
Жоголуп кеткен кыз энеси менен акыркы жолу декабрь айынын орто ченинде байланышка чыккан. Издөө иштеринин натыйжасында, ал уурулукка шектелип полициянын колуна түшкөнү аныкталган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 22 жаштагы чүйлүк кыз Москвадагы абактан табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрь айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 50 жаштагы аял кайрылып, 1998-жылы төрөлгөн кызы жоголуп кеткенин кабарлаган. Ал кызы акыркы жолу декабрдын орто ченинде байланышка чыгып, ошону менен дайынсыз болуп жатканын билдирген.

"Издөө иштеринин натыйжасында, А.С. аттуу жаран уурулукка шектелип укук коргоо органдары тарабынан Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилгени аныкталды", — дешти ИИМден.

Учурда туугандары бул боюнча кабардар болуп, юридикалык кеңеш алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0