Казакстанда кыргызстандык айдоочу үч жүргүнчүсү менен кырсыктап каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам өмүрүн алган жол кырсык 16-январга караган түнү саат 01.30дар чамасында Актөбө облусундагы Иргиз айылына жакын жерде болгон.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Самара — Шымкент трассасындагы жол кырсыктан кыргызстандык айдоочу жана анын үч жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Актөбө облусунун полиция департаментине шилтеме берип жазды.

Жол кырсыгы 16-январга караган түнү саат 01.30дар чамасында Актөбө облусундагы Иргиз айылына жакын жерде болгон.

"Лада-2107" үлгүсүндөгү унаанын кыргызстандык айдоочусу Аралдан Иргиз айылын көздөй бара жаткан. Ал жол-метеорологиялык шартты эске албагандыктан, жолдун тайгак бөлүгүнө келгенде каршы тилкеге чыгып кетип Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү авто менен кагышкан. Экинчи машинаны казакстандык жаран башкарып бараткан", — деп айтылат маалыматта.

"Лада-2107" автосунун 29 жаштагы айдоочусу жана үч жүргүнчүсү мүрт кеткен. Дагы бир жүргүнчү Иргиз райондук ооруканасына жаткырылган. Көз жумган үч жүргүнчүнүн жарандыгы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0