Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкан үч киши да кыргызстандык болуп чыкты

© Sputnik / Анатолий УстиненкоСотрудники скорой медицинской помощи Казахстана
Сотрудники скорой медицинской помощи Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкандардын туугандарына кабар берилди. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам көрсөтөт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстандагы Самара — Шымкент трассасындагы жол кырсыктан каза тапкан үч кишинин дагы кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыгы 16-январга караган түнү саат 01.30дар чамасында Актөбө облусундагы Иргиз айылына жакын жерде болгон. Окуянын кесепетинен кыргызстандык айдоочу үч жүргүнчүсү менен мүрт кеткен. Алардын жарандыгы белгисиз болчу.

"Жол кырсыгынан 1991-жылкы К.А., 1993-жылкы К.А., 1995-жылкы К.М., 2001-жылкы А.М. көз жумду. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары болгон. Ал эми 1997-жылкы кыргызстандык кыз жаракат алып Иргиз райондук ооруканасына жаткырылган. Анын өмүрүнө коркунуч жок. Ал эми маркумдардын сөөгү ушул эле оорукананын моргуна жеткирилген. Учурда Казакстандын тийиштүү органдары сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүп жатат", — дешти министрликтен.

Каза тапкандардын туугандарына кабар берилди. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0