Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди

Жазылуу
Судьянын кызматтан алынышына баңгизат менен кармалган шектүүнү жазадан бошотууга аракет кылганы себеп болгон.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы иштен кетирди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент бүгүн, 17-январда, кол койду. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Сулайманованы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасы менен өлкө башчыга кайрылган.

"Тартиптик жаза колдонууга Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болду. Судья Айнура Сулайманова баңгизатка байланыштуу өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын ишин караган. Ал кылмыштын жагдайларын толук изилдебей туруп тиешелүү соттук экспертизанын корутундусунун жоктугуна карабастан, шектүүнү психикалык ооруканага жайгаштыруу чечимин чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Свердлов районунун судьясы төрт берене боюнча күнөөлөнүп жатат. Тизме
Кийинчерээк жогору турган инстанция чыгарылган соттук актыны жокко чыгарган. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 110 миң сом айып тагылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Айнура Сулайманова "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовдун (мурдагы аты-жөнү Эрнис Казаков — ред.) ишин дагы караган. "Казак" бир нече кылмыштарга, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кармалгандан кийин сот аны үй камагына чыгарганы боюнча парламентте да маселе көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0