Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу

© AFP / Mike CoppolaLexus LX автоунаасы. Архив
Lexus LX автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалар Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде кырсыктаган. Эки айдоочу тең ооруканага кайрылган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте эки жол тандабас кагышып кетти.

Окуянын видеосу Telegram каналынын "Короче" тайпасына жарыяланды.

Жол кырсыгы 15-январь күнү Токтоналиев көчөсү менен Түштүк магисталдын кесилишинде болгону айтылды. Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Lexus 470 үлгүсүндөгү унааны 27 жаштагы А.А. аттуу аял, Toyota Land Cruiser автосун 44 жаштагы Ч.Э. башкарып бараткан.

Эки айдоочу тең ооруканага кайрылган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0