Ысык-Көлдө егерь менен экологду атып салам деп коркуткан кишинин видеосу тарады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАңчы. Архив
Аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети-Өгүздө кызыл китепке кирген аркарды атып салган жергиликтүү тургун менен эколог жана егердин ортосунда жаңжал чыккан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Интернетке куралчан кишинин Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин кызматкерлерин жана егерди атып саларын айтып коркуткан видео чыкты.

Аталган видео Instagram тармагында тарап жатат. Кадрда курал кармаган атчан кишинин жанындагылардан телефондогу видео менен сүрөттөрдү өчүрүүсүн талап кылганын көрүүгө болот. Беркилер өз кезегинде аны тынчтандырууга аракет кылышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Мамлекеттик токой чарбасынын маалыматына караганда, тасмада Жети-Өгүз районунун мергенчилик аймагындагы болгон жаңжал тартылган.

Мындан мурда мекемеден маалымдагандай, ал агенттиктин кызматкерлерин жана егерди өлтүрөм деп коркутуп, мыйзамсыз түрдө үч саат кармаган.

Белгилүү болгондой, алар кызыл китепке кирген аркарды (Марко Поло кою) мыйзамсыз атып алган мергенчини кармашкан. Ал жергиликтүү тургун болуп чыккан. Экологдор өлгөн аркарды жана анын куралын алып, протокол толтурууга аракеттенишкенде, кармалган тургун каршылык көрсөтүп, курал менен коркутуп, атын чаптырып качып кеткен.

Ведущий специалист отдела охраны и воспроизводства ресурсов животного мира Департамента ГАООСиЛХ Абай Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жаныбеков: Кыргызстандагы 24 миңдей мергенчи үч категорияга бөлүнөт
Андан кийин көп өтпөй таанышын ээрчитип келип, кызматкерлерди жана егерди үч саат коркутуп кармап турган. Буга чейин аталган мекемеден кабарлашкандай, кызматкерлердин смартфонун тартып алып, видеосун өчүрүп салган.

Бул боюнча токой чарбасынын кызматкерлери милицияга арыз менен кайрылышкан. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси ("Адам өмүрүнө залал келтирүүчү зордук-зомбулук коркунучун келтирүү") жана 293-беренеси ("Жаныбарларды жок кылуу") менен иш козголушу мүмкүн. Андан тышкары, бир миллион сом өлчөмүндөгү айып пул салынышы ыктымал экени айтылды.

Ага катар ири чыгым келтирген мыйзамсыз мергенчилик кылууга 50 миңден 70 миңге чейинки айып пул төлөп же эки жылга чейин коомдук түзөтүү ишине тартылат. Болбосо, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0