Тез жардам жана милиция кызматы. Архив

Бишкекте бус менен "Жигули" кагышып, 3 адам каза болду. Үрөй учурган сүрөттөр

3123
(жаңыланган 21:44 18.01.2020)
Окуя Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 18-январда, саат 18.30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте Mitsubishi үлгүсүндөгү бус менен "Жигули" автоунаасы кагышып, үч адам каза болду.

Последствия ДТП на пересечении улиц Элебесова и Тульской
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Бишкекте Mitsubishi үлгүсүндөгү бус менен "Жигули" автоунаасы кагышып үч адам каза болду

Кырсык тууралуу күбө "Бишкек Сегодня" Telegram каналына билдирген.

Маалыматты Кайгуул милициясы тастыктап, окуя Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 18-январда, саат 18.30дар чамасында болгонун кабарлады. Жеринде укук коргоо органдары иш алып барууда. Кырсыктын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилет.

Последствия ДТП на пересечении улиц Элебесова и Тульской
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Жеринде укук коргоо органдары иш алып барууда

Ал эми Тез жардам кызматынын маалымат борбору үч адам мерт болгонун ырастады. Дагы бир адам жаракат алган.

3123
Белгилер:
милиция, унаа, өлүм, жол кырсыгы
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (49)
Тема боюнча
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкан үч киши да кыргызстандык болуп чыкты