Үч киши мүрт кетти. “Жигули” менен бустун кагышкандан кийинки видеосу чыкты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрларда бустун оодарылып калганы көрүнүп турат. Кырсыкка кабылгандан кийин “Жигули” унаасы өрттөнө баштаган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте Mitsubishi үлгүсүндөгү бус менен "Жигули" автоунаасы кагышып, үч адам каза болгон кырсыктын видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

Каргаша Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 18-январда, саат 18.30дар чамасында болгон. Кагышуудан “Жигули” унаасындагы үч адам мүрт кеткени кабарланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Видеодо бустун бир капталына оодарылып калганын көрүүгө болот. Ал эми жеңил унаа өрттөнө баштаган. Бир аздан соң каза болгондорду тез жардам унаасы алып кеткенден кийин унааларды да жүктөп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0