Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапты

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerЖол кырсыгы. Иллюстративдүү сүрөт
Жол кырсыгы. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, жеңил автоунаанын айдоочусу уктап кетип, Кара-Балтага Бишкектен бара жаткан маршрутка менен кагышкан.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосундагы жолдо маршрутка менен жеңил унаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Кырсык 21-январда болжол менен эртең мененки саат 6:30дар чамасында болгон. Сокулук районунан чыккан Honda Accord Бишкекти көздөй келе жатып, Mercedes Sprinter кичи автобусу менен кагышкан. Экинчи автокөлүктүн Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жатканы айтылды.

"Үч адам каза таап, кеминде бешөө жарадар болду. Алдын ала берилген маалымат боюнча, Honda Accord автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен", — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0