Токмоктон 19 жаштагы кызды ала качкан деп эки жигит үй камагына алынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы кызды Ысык-Көл облусуна ала качып кетишкен. Атасы артынан барып, кызын Жети-Өгүз районунун бир айылынан таап, дароо милицияга арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Токмоктон 19 жаштагы кызды үйлөнүү максатында уурдап кетүүгө эки жаран айыпталып жаткандыгын Чүй облустук ИИБ билдирди.

Ыйлып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты
Маалыматка ылайык, 11-январда милицияга кызын Ысык-Көл облусуна ала качып кеткен балдарга чара көрүү өтүнүчү менен эркек киши кайрылган.

Ал арызында окуя тууралуу угары менен токтоосуз артынан барып, Жети-Өгүз районунун бир айылынан кызын алып келгенин билдирген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси («Үйлөнүү максатында адам уурдоо») менен каттоого алынды. Кылмышка шектүү катары Ысык-Көлдүн 27 жана 20 жаштагы тургундары колго түшүрүлүп, үй камагында кармалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0