Түркиядан Кыргызстанга 30 миң евро жасалма акча ташып келген киши кармалды

© Фото / пресс-служба СБНОН МВДПресечение канала сбыта фальшивых денег в Бишкеке
Пресечение канала сбыта фальшивых денег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Түркиядан Кыргызстанга ири суммадагы жасалма акча алып келгендердин каналы буулду. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Аталган кызмат чет жактан жасалма акча ташып келип саткандарга каршы атайын операция жүргүзгөн. Анын натыйжасында мындай иш менен шугулгандан топтун бир мүчөсү жасалмаланган 30 миң еврону сатып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0