Милиция кызматкеримин деп элден акча талап кылган жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин документи. Архив
Милиция кызматкеринин документи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ички тергөө кызматы өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылган жаранды пара алып жаткан жеринен кармады.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik ИИМдин ички иликтөө жана тергөө кызматы өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып жүргөн жаранды 35 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январда ИИМдин Ички иликтөө кызматына М.Ж. аттуу жаран милиция кызматкери катары өзүн тааныштырган белгисиз адам аны Н.К. аттуу аялга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап, 60 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда эки милиция кызматкери пара менен кармалды
Кайрылган жарандын арызы ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Акча талап кылуу") менен каттоого алынды.

Эртеси, 21-январда, ИИМдин ички иликтөө жана тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкектеги кафелердин биринен 35 миң сом пара алып жаткан жеринен К.у.У. аттуу жаранды кармашкан. Тинтүү учурунда анын жанынан "Коомдук көзөмөл" коомунун күбөлүгү жана көтөрүп жүрүүчү радиостанция табылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кармалган жаран милиция кызматкери эмес экени белгилүү болду. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын башка кылмыштарга да тийиштиги текшерилүүдө.

Милиция К.у.У аттуу жарандан жабыркагандар болсо 26-63-28 же (0559) 102 677 телефон номерлерине байланышууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0