Өрттөнүп кетти. Бишкектеги үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыктын видеосу

© AFP / SEBASTIEN SALOM GOMISӨрттөнүп жаткан автоунаа. Архив
Өрттөнүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык өткөн аптанын аягында болгон. Анын кесепетинен эки автоунаа кагышып үч адам каза тапса, бирөө жаракат алган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Байкоо камерасына мындан бир нече күн мурда Бишкектин Элебесов көчөсүндө үч адамдын өмүрүн алган кырсыктын кандай болгондугу тартылып калган.

Ал видео "Короче" "Телеграмм" каналына жарыяланды. Анда ак түстүү кичи автобус менен жеңил автоунаанын кагышып, экинчиси дароо өрттөнүп баштагандыгын көрүүгө болот. Ал эми бус капталдап кулаган.

Кырсыктаган Mitsubishi менен ВАЗ 2106 автоунаалары экендиги айтылды.

Каргаша Элебесов жана Тула көчөлөрүнүн кесилишинде 18-январда саат 18.30дар чамасында болгон. Кагышуудан "Жигули" автоунаасындагы үч адам мүрт кеткени кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0