Акча жана упчу. Архивдик сүрөт

Өзгөндө өз ымыркайын беш миң долларга соодалаган келин кармалды

223
(жаңыланган 12:06 24.01.2020)
Шектүү келиндин баш коргоо чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Ал эми ага жардам берген аяш энеси эки айга камалды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы төрөлгөн баласын беш миң долларга сатууга аракет жасаган келин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январь күнү укук коргоочуларга Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азиат тектүү аял ымыркайын сатып пайда көрүүнү көздөп жатканы боюнча билдирүү түшкөн.

"Тергөө амалдарынын натыйжасында эки баласы бар 23 жаштагы К.К. жана анын 45 жаштагы мурда соттолгон А.Э. аттуу аяш энеси жаңы төрөлгөн эркек баланы 5000 долларга соодалашып жаткан жеринен колго түштү", — дешти милициядан.

21-январь күнү эки шектүү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин баш коргоо чарасы каралып, К.К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылса, А.Э. эки айга камакка алынган.

223
Белгилер:
милиция, кылмыш, сатуу, келин, ымыркай, Ош
Тема боюнча
Милиция кызматкеримин деп элден акча талап кылган жаран кармалды
Сузакта 34 жаштагы келин эки уулу менен иске ууланып каза болду
ИИМ: Ошто бут кийимине жасалма 500 доллар катып кирген чет элдик кармалды
Көчөдөн бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Ош шаарында бир жылдан бери дайынсыз болгон кыз изделүүдө. Сүрөт

55
(жаңыланган 19:13 15.08.2020)
Жаш кыз былтыр жайында Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Милиция аны табышууга коомчулуктан жардам сурады.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында былтыр жоголгон 18 жаштагы Муножат Салиева изделип жатат. Бул тууралуу калаа милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыз 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунда жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Милиция аны табуу үчүн кайрадан коомчулукка кайрылып жатканын айтты.

"Изделип жаткан Муножат Салиева 2002-жылы туулган. Бою 165-170 сантиметр, жоголгон күнү үстүндө кара-ак (сызык) түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Айрымдар кыз дайынсыз болгон күнү аны Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн көрүшкөндүгүн айтышкан", — деп жазылган маалыматта.

Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

Ош шаардык милициясы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды 03222-2-75-15, 0702-17-09-17 жана 0551-05-42-75 телефондору аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

55
Белгилер:
кыз, издөө, милиция, Ош
Тема боюнча
Мөңгүгө кирип кеткен. Жалал-Абаддагы жайлоодо 14 жаштагы баланын сөөгү табылды
Перевернувшийся автомобиль после дорожно-транспортного происшествия. Иллюстративное фото

Бишкектин четинде унаа оодарылып кетип, беш киши жабыркады. Видео

165
Окуя кечээ кечинде болгон. Бишкекке бара жаткан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай кырсыктаган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкектин четинде унаа беш кишиси менен оодарылып кеткенин Sputnik агенттигине Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу билдирди.

Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

"Lexus RX300 борбор калааны көздөй бара жаткан. Болжолдуу маалыматтар боюнча айдоочу унааны башкара албай анча бийик эмес тосмону сүзгөн. Унаанын ичинде беш киши болгон. Бардыгы ооруканага жеткирилди", — деди Мирсадык уулу.

Автокөлүк айып короого токтотулуп, жол кырсыгы териштирилип жатат.

165
Белгилер:
видео, айдоочу, унаа, жол кырсык, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуя болгон жердеги видео
Ысык-Көлдүн жээги. Архивдик сүрөт

Ош, Талас жана Бишкектен 200 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

0
(жаңыланган 20:11 15.08.2020)
Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн эс алдыруу каралган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөнүн Республикалык штаб кабарлады.

Ош, Талас облустары менен Бишкек шаарынан топтолгон дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, техникалык персоналдын өкүлдөрү менен тез жардам унааларынын айдоочуларынан турган топ 15-август күнү чыгып кетишкен.

Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө

"Медиктер "Эне-Сай" пансионатында бир жума болушат. Каражат маселеси Эмгекчилердин ден соолугун калыбына келтирүү фонду тарабынан чечилди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы үч аптанын аралыгында "Эне-Сай" жана "Алтын-Жай" пансионаттарында жалпы жонунан 450 медицина кызматкери эс алды.

0
Белгилер:
пансионат, медик, эс алуу, Ысык-Көл, дарыгер
Тема боюнча
Россиялык медиктер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баш бакты. Сүрөт
Исмаилова: аймактарга бөлүштүрүлгөн жаш медиктерге колдоо көрсөтүү зарыл
Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө