Ала качуу аракети. Иллюстративдик сүрөт

Ошто 22 жаштагы кызды ала качууга шектелген үч жигит кармалды

244
(жаңыланган 16:43 24.01.2020)
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча Жазык кодексинин 175-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ош шаарында кыз ала качууга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 21-январь күнү саат 17:40тар чамасында милиция кызматкерлерине калаада убактылуу жашап жаткан 22 жаштагы кызды дүкөндөрдүн биринин алдынан ала качып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, кызды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып кетишкен.

23-январга караган түнү кыз ала качууга шектүү катары Ош шаарынын 22 жаштагы эки жана Тажикстандын Мургаб районунун бир тургуну кармалды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча Жазык кодексинин 175-беренесинин негизинде ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз жана аны ала качууга шектелген үч жигит тең Чоң-Алай районуна Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген кыргыздар экендиги белгилүү болду.

244
Белгилер:
милиция, кылмыш, Алай району, Ош, кыз ала качуу
Тема боюнча
Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кетти делген жигит кармалды
Көшөгөгө отурбай жулунуп жаткан кыздын видеосун тамаша дешти