Бишкектин Жибек Жолу жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болгон автокырсык

Бишкектин борборундагы автокырсыктан аял киши жабыркады. Сүрөт

200
(жаңыланган 13:51 25.01.2020)
Жол кырсык бүгүн, 25-январда, Жибек Жолу жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болуп, Toyota жана BMW автоунаалары кагышкан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Жибек Жолу жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде автокырсык болгонун "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына окуянын күбөсү билдирди.

Россиянын Челябинск облусундагы жол кырсык
© Фото / пресс-служба ГУ МВД России по Челябинской области
Анын кабарына караганда, кырсык саат 11:15тер чамасында болгон. Toyota жөө кишини өткөрүү үчүн токтогондо BMW артынан келип сүзгөн.

Окуянын күбөсү ал жерге милиция жана Тез жардам келгендигин маалымдады.

Кайгуул милициясынын башкармалыгынан автоунаа кырсыгы тастыкталды. Батышты көздөй бара жаткан Toyota Mark II жана BMW сүзүшүп, биринчи автоунаада отурган аял жабыркаган. Тез жардам аны ооруканага алып кетти.

200
Белгилер:
тез жардам, жөө адам, жол кырсык, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
Тема боюнча
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
Өрттөнүп кетти. Бишкектеги үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыктын видеосу