Баткенде машыгуу учурунда жоокерге ок тийди

© пресс-служба ГШ ВС КРАскердик машыгуу. Архив
Аскердик машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 23-январга караган түнү болгон. Машыгуу учурунда атылган ок катуу нерсеге тийип кайра артка ыргып, жоокерге тийген. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Баткен облусунда аскердик машыгуу учурунда Калашников куралынан атылган ок эфрейторго кайып тийген. Маалыматты КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан тастыкташты.

Кырсык 23-январга караган түнү болгон. Машыгуу учурунда атылган ок катуу нерсеге тийип кайра артка ыргып, жоокерге тийген.

Жабырлануучуну ошол замат аймактык ооруканага жеткиришкен. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0