Чүй облусунда жер титиреди

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАйыл. Архив
Айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Ысык-Ата районунун эки айылында жана Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок экендиги айтылды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жер саат 15:16да силкинген.

"Ысык-Ата районунун Карагай-Булак жана Алмалуу айылдарында 2,5 балл, ал эми Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилди", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0