УКМК: караоке-барда ок чыгарган мас милиционер үй камагына чыгарылган

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок чыгарган адамга карата Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык, кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын 13-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте караоке-клубда адамга ок чыгарган мас милиционер үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Буга чейин мас милиционер караоке-барда айтыша кеткен жигиттин башына куралын такап, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тарап, окуянын видеосу чыккан.

УКМКнын маалыматына караганда, 2019-жылдын 22-декабрында саат 4:00дө Бишкектин Октябрь райондук Криминалдык милициясынын кызматкерлери Э.Ы., Р.С. менен К.А. атуу жаран Live Bar караоке-клубунун жанынан уруша кетишкен.

"Э.Ы. жанындагы Макаров үлгүсүндөгү кызматтык куралын алып чыгып М.С. аттуу жаранды көздөй аткан", — деп айтылат билдирүүдө.

25-декабрь күнү УКМК КРдин Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык, кылмыш ишин козгогон. 2020-жылдын 13-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0