Айдоочунун жүрөгү кармап, Бишкекте беш автоунаа кагышты

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуНа месте ДТП на пересечении проспекта Жибек Жолу и улицы Суюмбаева
На месте ДТП на пересечении проспекта Жибек Жолу и улицы Суюмбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү саат 15:30да Жибек-Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде Toyota Estima, Toyota Camry, Honda Accord, Honda CR-V жана Honda Fit унаалары кагышкан. Бирок буга чейин төрт автонун кагышы тууралуу айтылып келген.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik.  Кечээ Бишкек шаарында бир нече автоунаа кагышкан жол кырсыгында Toyota Estima айдоочусу рулда баратканда жүрөгү кармаган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Эске салсак, жекшемби күнү саат 15:30да Жибек-Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде Toyota Estima, Toyota Camry, Honda Accord, Honda CR-V жана Honda Fit унаалары кагышкан. Бирок буга чейин төрт автонун кагышы тууралуу маалымдалган. 

ЖКККББнын маалыматына караганда, Estima автокөлүгүнүн айдоочусунун жүрөгү кармап, жол чыракта токтоп турган машинаны сүзгөн. Ал алдында турган кийинки автоунааларга урунган. 

Жыйынтыгында үч айдоочу жана бир жүргүнчү Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Алардын ичинде Estima автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0