Бишкектеги тез жардам автоунаалары. Архивдик сүрөт

Бишкекте жол кырсыгы болуп, аял менен бала жабыркады

124
(жаңыланган 22:55 27.01.2020)
Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны 52 жаштагы киши башкарып бара жаткан. Жабыркагандар унаада болгону же жөө баратканы азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бүгүн, 27-январда, Бишкектин Көлбаев көчөсүндө жол кырсыгы болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул күзөт милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя саат 18:30да болгон. Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны 52 жаштагы киши башкарып бара жаткан.

Ал төрт жаштагы кыз менен анын энесин койдуруп кеткен. Кесепетинде наристе Шаардык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына, апасы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилгени айтылды.

124
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
Тема боюнча
Бишкекте төрт унаа кагышып, адамдар жабыркады. Видео