Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКүчүк. Архив
Күчүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалымат кызматы факты боюнча териштирүү башталганын кабарлады. Күнөөкөрлөргө 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу күчүктү атайылап тебелетип кеткен.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жана башка ЖМКларга жарыяланды.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя борбор калаанын Аэродром тар көчөсүндө болгон. Кадрдан күчүк унаа жолго чыгып алганын көрүүгө болот. Ал машина жакындаганда жолдун чекесине качкан. Бирок айдоочу токтоп туруп, күчүк кайра жолго чыкканда тебелетип кеткен.

Прохожий спас ребенка от питбуля с помощью хитрой уловки. Видео - Sputnik Кыргызстан
Автоунаага чыга качты. Өтүп бараткан жигит баланы ажаан иттен сактап калды. Видео
Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы аталган факты боюнча териштирүү башталганын кабарлады.

Белгилей кетсек, жаныбарларга мыкаачылык кылгандарга Жазык кодексинин 169-беренеси боюнча чара көрүлөт. Күнөөкөрлөргө 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салынат. Ошондой эле коомдук жумушка тартуу же белгилүү бир кызматта эмгектенүүсүнө жана кайсы бир тармакта ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0