Айдоочу мас болчу. ЖКККББ Чүйдө болгон жол кырсыгынын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүЖолдон өтүп жаткан адамдар. Архив
Жолдон өтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Чүй облусунун Александровка айылында жолдон өтүп бараткан кишини автоунаа коюп кеткен учурдун видеосу тараган. Жабырлануучу ошол жерден жан берип, айдоочу качып кеткен.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кечээ, 28-январь күнү кечинде, Александровка айылында жөө адамды койдуруп кеткен айдоочу ошол учурда мас болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин аталган аймакта жолдон өтүп бараткан кишини автоунаа коюп кеткен учурдун видеосу тараган. Жабырлануучу ошол жерден жан берип, айдоочу качып кеткен.

На месте ДТП на пересечении проспекта Жибек Жолу и улицы Суюмбаева - Sputnik Кыргызстан
Айдоочунун жүрөгү кармап, Бишкекте беш автоунаа кагышты
ЖКККББдан билдиришкендей, окуя Бишкек — Чалдовар жолунун 32-чакырымында болгон. Автоунаа чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Каза болгон адам 32 жашта экени айтылды.

"Перехват" планы жарыяланып, инспекторлор шектүүнү ошол эле күнү саат 22.15те кармашты. Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автонун ээси Беловодское айылында өз үйүнөн табылды.

29 жаштагы шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Ал эми аны наркология бөлүмүнө алып барышканда, кырсык болгон учурда канында алкоголь болгону аныкталды.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0