Сузакта энеси өтүп кеткен үч жаштагы бөбөк ур-токмоктон чарчап калды

Жазылуу
Бөбөктүн атасы Россияда иштей тургандыгы, ал эми апасы бир жыл мурда көз жумганы белгилүү болду. Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үч жаштагы бала катуу сабалып чарчап калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү болжол менен саат 13:30дар чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган баланын сөөгүн алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар болгону айтылууда.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Денеге оор залал келтирүү" беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Баланын өлүмүнө шектелип аны карап жүргөн жеңеси кармалды. Келиндин жаш баласы болгондуктан баш коргоо чарасы карала элек", — дешти милициядан.

Чарчап калган баланын атасы Россияда иштей тургандыгы, ал эми апасы бир жыл мурда көз жумганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0