Бишкекте 78 жаштагы кемпирди маршрутка коюп каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 29-январь күнү Көлбаев менен Чокон Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу аялды бурулуп баратканда коюп кеткен.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкекте улгайган аялды маршрутка коюп кетти. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза тапкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 14.00дөр чамасында Көлбаев менен Чокон Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобустун 58 жаштагы айдоочусу Көлбаев көчөсүнөн бурулуп жатып 79 жаштагы Т.В. аттуу аялды коюп кеткен", — дешти милициядан.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0