Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу эки адамды коюп кетти, бири оор абалда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Hyundai Getz жеңил унаасынын 29 жаштагы айдоочусу батышты көздөй баратып Жибек Жолундагы №165 үйдүн жанынан эки адамды сүзгөн.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Борбор калаада жеңил унаа сүзүп кеткен эки киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кайгуул-күзөт кызматынан билдиришти.

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 78 жаштагы кемпирди маршрутка коюп каза тапты
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-январь күнү кечинде Жибек Жолу проспектинде болгон. Анда Hyundai Getz жеңил унаасынын 29 жаштагы айдоочусу батышты көздөй баратып, №165 үйдүн жанынан эки адамды сүзгөн. Алардын бири 26 жаштагы жаран болсо, экинчиси 35 жаштагы тургун болгон. Тез жардам кызматы кырсык тууралуу билдирүү 18.50дө түшкөнүн билдирди. Окуя болгон соң экөө тең Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Аталган ооруканадан жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын кабарлашты. Анын баш мээси катуу жабыркаган.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0