Ноокенде 10 жашар кызды зордуктады делген киши изделүүдө. Шектүүнүн фотороботу

Жазылуу
Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында тапшырмалар берилип, ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктады делген киши изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

28-январда Ноокен райондук милициясына ушул эле райондун Н.Ы. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. 

© Фото / предоставлено пресс-службой Джалал-Абадской МВДНоокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктады делген кишинин фотороботу
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктады делген киши изделүүдө. Шектүүнүн фотороботу - Sputnik Кыргызстан
Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктады делген кишинин фотороботу
"Арыздануучу 28-январда саат 17:00дөр чамасында 2010-жылы туулган кызы мектептен чыгып үйүнө бара жатканда 20-25 жаштагы бейтааныш киши аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын билдирген", — дешти милициядан.

Служба в ГУГССО  - Sputnik Кыргызстан
Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Сүрөт
Факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Зордуктоо" беренеси боюнча катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертиза дагы дайындалган.

Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында тапшырмалар берилип, ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө.

Милиция фотороботтогу киши туурасында маалымат билгендер болсо Ноокен РИИБине 0555 00 31 00 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0