БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген шек менен кармалган адамга карата козголгон кылмыш иши токтотулганын маалымдады.
Кечээ күнү Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти ЖМКлардын бирине интервью берип жатып, милиция жабырлануучу тарапка кабарлабастан шектүүнү кое берип салганын билдирген. Ырчы шектүүнүн унаасынан апасынын үйүнөн жоголгон зер буюмдар табылганын белгилеп, ызаланган.
Эске салсак, 2019-жылдын 6-майында ырчынын апасы Дариха Абдрахманова милицияга кайрылып, түндө анын үйүнө кирип, акча талап кылып, тапанча такап коркуткандарга карата чара көрүүнү суранган. Кылмышкерлер 60 миң доллар, 15 миң сом жана баалуу буюмдарды алып кеткен.Сентябрь айында Бишкек ШИИББ 25 жаштагы шектүү Караколдо кармалганын маалымдаган. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында милиция кызматкерлери далил болчу буюмдар жоголуп кетпесин деп шектүүнүн унаасын башка күнгө калтырбай тез арада тинтүүгө алышкан. Натыйжада автонун ичинен зер буюмдар табылып, жабырлануучу тааныган.
Бирок өткөн жылдын 4-сентябрында камакка алынган кишинин адвокатынын өтүнүчү менен күбөлөр суракка алынып, алар кылмыш болгон күнү шектүү үлпөт тойдо жүргөнүн билдиришкен.
"Соттун чечими чыкканга чейин презумпция сакталышы керек. Ар бир шек санаткан жагдай айыптоочу тараптын пайдасына кетет. Бирок соттун чечими божомолдордун негизинде чыкпайт. Кармалган киши артисттин апасынын үйүнө киргени далилденген жок, буга байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду", — дешти милициядан.Шектүү кылмыш болгон күнү Ысык-Көлдө үйлпөт тойдо жүргөн деген видеого объективдүү баа берилиши үчүн чет өлкөгө экспертизага жиберилмей болду. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.
Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушунда ноутбуктар менен смартфондорду уурдады делген киши кармалган. Ал милицияга көрсөтмө берген кезинде Атабековдун апасынын үйүн карактады делген киши анын шериги экенин билдирген. Бул факты өзүнчө өндүрүшкө алынды.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Honda Fit унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анын видеосу "Короче" Telegram-каналына чыкты.
Кадрдан көрүнүп тургандай, сары түстөгү автоунаа тайгаланып, жол четиндеги бордюрга урунуп, андан кийин арыкка түшүп кеткен.
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, айдоочу жабыркаган эмес. Унаа болсо айып короого токтотулду.
Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунда сейфти уурдоо үчүн үй ээсин өлтүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 27-февралда, эртең менен саат 07:13тө Кара-Суу райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Т.У. аттуу 55 жаштагы аял миздүү нерседен жараат алып ооруканага түшкөнү туурасында кабар жеткен.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында белгисиз эки адам беттерин чүмбөттөп алып Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө уруулукка киргени аныкталды. Алар уктап жаткан үй ээсин жыгач таяк менен башка уруп, андан соң бычак менен сайып, бөлмөдө турган темир сейфти алып качып кетишкен. Жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, ал үч сааттан кийин каза болуп калды", — деди Аширбаев.
Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пункту ("Каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолгон киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Натыйжада кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу шаарынын Крылов көчөсүнүн жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А. жана К. А. кармалган. Үйүн тинтүү учурунда ачыла элек темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет чүмбөттөрү табылган.
Азыркы тапта тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.