Былтыр милиция кызматкерлерине 63 кылмыш иши козголгон

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане
Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционерлер коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Узаган 2019-жылы милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Коррупция (27), кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу (22) жана эки алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган", — дешти милициядан.

Ишин так аткарбаганы үчүн прокуратуранын 27 кызматкерин жана жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды - Sputnik Кыргызстан
Ишин так аткарган эмес. Прокуратуранын 30дай кызматкерин жазалоо сунушталды
Ошондой эле 30дан ашуун жетекчиге эскертүү жана тартип жазалары берилген. Эми биринчи чейректин жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала турганы белгиленди.

Ал эми коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчиликтерди кетирген, берилген тапшырмаларды так аткарбаган, алдын алуу иштерин уюштура албаган беш жетекчи кызматтан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0