Келинчегин жамандаган досун бычактап салган. Январдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи нападения с ножом на человека
Случаи нападения с ножом на человека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңырган жаңы жылдын биринчи айы өлкө аймагындагы фемида өкүлдөрү үчүн оор айлардын бири болду. Соттор күйөө баласын бычактап өлтүргөн кайнатанын, кызынын себин уурдаган ата-эненин жана бир нече адамды миллиондогон сомго алдаган шылуундун ишин карап чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги январь айында чыккан айрым чуулуу соттук иштерди сунуштайт.

Түрмөдөгү адам өлтүрүү

Суд по делу о факте побега девятерых заключенных в селе Нижний Нооруз - Sputnik Кыргызстан
ЦУМдун жанында муш жеп көз жумган нигериялык жаран. Айыпкерге өкүм чыкты
Буга чейин бир нече жолу соттолгон айыпталуучу түрмөдөгү беш кишини адам өлтүрүүгө мажбурлаган. Натыйжада алар тергөө абагында жаткан жаранды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Аталган кылмыш иши боюнча беш шектүү соттолгон. Ал эми кылмыш жасоого буйрук берген эркек былыгын жарым-жартылай мойнуна алып, сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Териштирүү маалында жабырлануучу камактагылар менен уруша кетип, арматура менен сабалып өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Соттолуучу 12 жылга эркинен ажыратылды.

Зөөкүр эргул

Чүй облусундагы шаарлардын биринде 21 жаштагы киши мас болуп, түндө көчөдө баратып 15 жаштагы кызга кол салган. Ал ага карата күч колдонуп, киши жашабаган жерге алып барып зордуктоого аракет жасаган. Кыз каршылык көрсөткөндө аны сабап өлтүрүп, качып кеткен. Тергөө маалында шектүү кылганын толук мойнуна алып, сотко көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Фемида өкүлдөрү аны 15 жылга кести.

Мыкаачы күйөө

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
Соттолуучу үч жыл мурун үйлөнгөн. Күндөрдүн биринде аялы менен уруша кетип, мыкаачылык менен ага 41 ирет бычак сайып өлтүргөн. Күбөлөр сотто шектүү психикалык жактан жабыркап, буга чейин өзүн-өзү бычактаганын айтышкан. Ошентсе да сот эргулду 15 жылга эркинен ажыратты. Себеби соттук-психиатриялык экспертиза кылмыш жасап жаткан маалда кишинин акыл-эси ордунда болгонун аныктаган. Жогорку инстанциядагы сот ал өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Миллиондорго алдаган...

Арам акча менен байыгысы келген шылуун Бишкек шаарындагы бир нече жарандан ири суммадагы акча алып из жашырган. Ал Тажикстандан курулуш материал алып келебиз деп ишкерлердин биринен 240 миң доллар (16 560 000 сом) алган. Көп өтпөй ошол эле убадасын берип дагы бир кишиден 843 000 доллар (57 432 831 сом) алган. Кийинки айда башка соодагерден дагы үч миллион сом алып качып кеткен. Сот аны тогуз жылга эркинен ажыратып, 80 миллион сомдон ашык акчаны төлөп берүүгө милдеттендирди.

Кызынын себин уурдаган ата-эне

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юристанбек Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган УКМК кызматкерине өкүм чыкты
50 жаштагы аял жолдошу менен мурдагы кудагыйынын үйүнө барып, кулпусун талкалап, 10 жыл мурун турмушка чыккан кызына берген себин алып кетип калган. Сотто 55 жаштагы жабырлануучу, мурдагы келининин энеси көптөн бери сандык, төшөнчүлөрдү кайтарып берүүсүн талап кылып келгендигин айткан.

"Келиним уулумду чанып кеткендиктен ачуум келип анын оокаттарын бербей жүргөм. Мындан улам биз үйдө жок болгон кезде кулпуну талкалап кирип, 110 миң сомдук буюмдарды көтөрүп кетишиптир. Кийин алар төшөк, килемдерди кайтарып беришти", — деп көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү ишти карап чыгып, шектүүгө 40 миң сом айып салып, 400 сомго кулпу алып берүүгө милдеттендирди.

Күйөө баласын өлтүргөн кайната

Турмушка чыккан Карина жолдошун улгайып калган атасынын үйүнө ээрчитип барган. Күйөө бала ал жактан арак ичип, иштегиси келбей, терс кылык-жоруктары менен көйгөй жараткан. Кийин Карина каза болуп калып, пенсионер кызынын жолдошун үйүнөн чыгарып салган. Жалкоо эркек кайын журтунан кеткиси келбей, ал жакта кез-кезде пайда болуп турган. Бир күнү кайнатасы эшиктин алдынан аны кармап бычактап салган. Сот аны 10 жылга темир тор артында калтырды.

Бычакташкан кошуналар

Судебный центр Ralph L. Carr Colorado в Денвере - Sputnik Кыргызстан
Соттолгон адамдын мүлкү кантип конфискацияланат? Кызык жагдайлар
Кошуна жашаган Айбек менен Адилет жыгач устаканада арак ичишкен. Мас болуп калган Адилет анын келинчеги менен жакын мамиледе болгонун айткан. Айбек ага ишенгиси келбей, андай болушу мүмкүн эместигин айтып кыйкырып-өкүрүп ачууланган. Бирок Адилет чынында эле ошондой болгондугун кайра-кайра айтып, андан соң бычак менен Айбекти төшкө жана курсакка сайган. Канжалаган жабырлануучу окуя болгон жерден качып кетип аман калган. Сот отурумунда ал эч нерсе эсинде жок экенин айтып, кошунасын жазалабоону суранган. Бирок сот Адилетти төрт жылга кести.

Досун өлтүрүп милицияга чалган

Николай ала жипти аттап койгон. Аны келинчеги Ольга билип калып түйүнчөгүн түйүп төркүнүнө кетип калган. Убакыттын өтүшү менен Николай жубайынан башка адамды сүйө албастыгын түшүнгөн. Күндөрдүн биринде ал досу менен эс алып отурганда, анысы кетип калган аялын жамандап койгон. Буга чыдабаган Николай досун өлтүрүп, андан соң Ольга менен милицияга чалган. Ал 12 жылга соттолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0