Өзгөндө каза тапкан 7 кишинин кайсы айылдын жашоочулары экени айтылды

© AFP / JOSH EDELSONКүйүп жаткан унаа. Архив
Күйүп жаткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл өкмөттүн башчысы учурда маркумдардын ким экендиги укук коргоо органдары тарабынан такталып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өзгөн районундагы жол кырсыктан каза болгон жети адам Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын жашоочулары болгон. Маалыматты Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкулов тастыктады.

Анын айтымында, учурда маркумдардын ким экендиги укук коргоо органдары тарабынан такталып жатат.

Бишкектин четиндеги Байтик айылынын кире беришиндеги негизги жолдо үч жеңил автоунаа кагышты - Sputnik Кыргызстан
Байтик айылында үч автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөттөрү
Каза болгон 7 адамдын баары эркек киши экендигин Өзгөн аймактык ооруканасынын башчысы Жусуп Сатаров билдирди.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында 3-февралда таңкы саат 03:30 чамасында автокырсыктан кийин чыккан өрттөн жети киши каза тапкан.

Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Өрт саат 4:18де чектөөгө алынып, саат 4:35те толук өчүрүлгөн. Автоунаанын ичинен 7 кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдарды Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0