ТИМ: Стамбулда үчкө бөлүнүп калган учакта эки кыргызстандык болгон

© REUTERS / MURAD SEZER Стамбулдагы (Түркия) "Сабиха Гокчен" аэропортуна конуп жатып кырсыктаган учак
 Стамбулдагы (Түркия) Сабиха Гокчен аэропортуна конуп жатып кырсыктаган учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган мекендештерге Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери барып, абалынан кабар алды. Дарыгерлердин айтымында, экөөнүн тең абалы туруктуу.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Стамбулдагы (Түркия) "Сабиха Гокчен" аэропортуна конуп жатып кырсыктаган учакта эки кыргызстандык болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 5-февраль күнү Измир — Стамбул каттамы менен учуп келе жаткан Pegasus Airlines компаниясынын учагы конуу тилкесинен чыгып, үчкө бөлүнүп калган. Акыркы маалымат боюнча, үч киши каза таап, 179 адам жаракат алган.

"Расмий маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн арасында эки кыргызстандык болгон. Алар Стамбул шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркаган мекендештерге Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери барып, абалынан кабар алды. Дарыгерлердин айтымында, экөөнүн тең абалы туруктуу. Алар эми 24 саат бою медиктердин көзөмөлүндө болуп, андан кийин гана ооруканадан чыгаруу же андан ары дарылоо чечими кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0