Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев на заседании Высшего Евразийского экономического совета и глав приглашенных государств во Дворце независимости в Нур-Султане.

Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар

783
(жаңыланган 12:43 08.02.2020)
Коңшу өлкөнүн башчысы Улуттук коопсуздук комитети менен Генералдык прокуратурага тергөө иштерин жүргүзүп, улут аралык кастыкты тутанткан, чагымчыл жана туура эмес маалыматтарды тараткандарды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстандын Кордай районундагы башаламандыкты иликтөө жана анын кесепетин жоюу боюнча өкмөт башчынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул туурасында Акорда кабарлады. 

Башаламандык боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы билдирүү жасап, тапшырма берди.

"Бул окуядан чагымчылдар пайдаланып кетти. Тилекке каршы, каза тапкандар жана жабырлангандар бар. Алардын жакындарына көңүл айтам. Жаракат алгандардын тезинен сакайып кетишин каалайм", — деген Токаев.

Учурда кырдаал полиция жана Улуттук Гвардиянын көзөмөлүндө турат.

"Мамлекеттик органдар окуянын кесепеттерин жоюу үчүн тез арада тиешелүү аракеттерди көрүүсү керек. Буга байланыштуу, биринчиден, Кордай районундагы башаламандыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөт башчынын орун басары Бердибек Сапарбаевдин жетектөөсү алдында өкмөттүк комиссия түзүлсүн. Эң негизгиси, чыр-чатактын келип чыгуу себептерин аныктоо зарыл. Социалдык-экономикалык, гуманитардык маселелер ыкчам чечилсин. Өкмөттүк комиссия Жамбыл облусунун акими менен биргеликте каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруп, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап, жабыркагандардын мүлкүн калыбына келтирүү боюнча план түзүшү керек. Каза болгон жана жаракат алгандардын жакындарына жардам берүү абзел. Азыр калкты тынчтандыруу керек. Ага Казакстандын элдер ассамблеясы, жериндеги кадыр-барктуу адамдар тартылды. Экинчиден, Генералдык прокуратура Кордай районундагы окуяны иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алып, ал үчүн мекеме аралык ыкчам-тергөө тобун түзүү зарыл. Күнөөлүүлөр катуу жазаланышы керек", — деди Токаев.

Андан сырткары, коңшу өлкөнүн башчысы Улуттук коопсуздук комитети менен Генералдык прокуратурага тергөө иштерин жүргүзүп, улут аралык кастыкты тутанткан, чагымчыл жана туура эмес маалыматтарды тараткандарды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

783
Белгилер:
билдирүү, башаламандык, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
Тема боюнча
Чек ара кызматы: Казакстандан Кыргызстанга өткөндөр адаттан тыш көп болууда
Токаев Кыргызстанга жакын казак айылындагы массалык мушташ боюнча үн катты
ЖК депутаты Айсулуу Мамашова

Мамашова: сот ажатканада 13 жаштагы кызды зордуктаган баланы актап жиберди

111
(жаңыланган 12:27 04.06.2020)
Депутаттын айтымында, сот шектүүнү актап, кайра жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жиберди. Бул туурасында депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап, "кыз зордукталган эмес" деген чечим чыгарып, шектүүнү жазадан бошоткон. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген. Мындан улам алар райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылып, андан да утулуп калган. Учурда Жогорку сотко даттанып жатышат.

"Жакында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, куттуктадык. Бирок мага Bishkek Park соода борборунун ажатканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын энеси менен адвокаты кайрылды. Далилдери бар экенине, экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу (экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин караган) шектүү баланы актап жиберди. Ал жаш балдар лагеринде иштеп жүрчү экен. Тилекке каршы, анын башка кыздарды да зордуктаганы боюнча күбөлөр айткан. Бирок бүгүнкүгө чейин ал эркиндикте жүрөт. Себеби анын органдарда иштеген туугандары бар экен. Мындай адамдар түрмөдө отурушу керек болчу", — деди Мамашова.

Ошондой эле депутат кыздын апасына төлөөгө милдеттендирилген моралдык чыгымдын суммасын шектүү тарап өзү аныктамай болгонун билдирди.

"Судья Эрнис Айбек уулуна аябай нааразымын, уят деген болуш керек да, жаш кыздын тагдырын ойлобойбу. Жогорку сотко барганда калыс карап беришин суранам. Прокурорлор дагы жаш кыздын кызыкчылыгын коргой албай жатат", — деп кайрылды депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 2016-жылы болгон, сот иштери ошондон бери уланып жатат.

111
Белгилер:
баш тартуу, сот, зордуктоо, депутат, Айсулуу Мамашова
Тема боюнча
Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктады делген адамга сот чечим чыгарды
Решеткадагы наручниктер. Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти

100
(жаңыланган 11:55 04.06.2020)
Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кечээ Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу аталган райондун ИИБинен билдиришти.

Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Милиция анын кайда экенин билгендер болсо 0(312) 352-605, 0(312) 444-457, 0(700) 425-344 жана 102 номерлерине кабарлап коюуну суранды.

Сбежавший из ГОМ-2 УВД Ленинского района подследственный
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района
Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы Бакыт Турдубаев

Шектүүнүн белгилери:

Кара түстөгү көйнөк, шым жана бут кийим кийип жүргөн. Бою — 165-170 сантиметр, салмагы — 65-70 килограмм. Кара тору, арык жана чачтары тармал.

Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

100
Белгилер:
издөө, шектүү, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Ош: таксисттерди бычак менен коркутуп, акча талап кылды делген киши кармалды
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жатат

Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвада өтчү парадга даярданууда. Сүрөт

28
(жаңыланган 13:00 04.06.2020)
Москвада 9-майда өтө турган парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон. КР жоокерлери ал жакка баруу алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жатат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.

  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Аскер кызматчылары Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировок к параду в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне в Москве
    Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл Аянттагы юбилейлик парадга ушуну менен экинчи жолу катыша турганы айтылды
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
1 / 6
© Фото / Пресс-служба Генштаба КР
Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген
"Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып алынган. Санитардык талаптарды сактоо менен параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген. Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон.

Аскер кызматчылары Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат. Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат.

Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл Аянттагы юбилейлик парадга ушуну менен экинчи жолу катыша турганы айтылды.

28
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Тема боюнча
Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат