Баткенде милиционер тыюу салынган кислотаны ташууга шектелип кармалды

© AP Photo / Martin MejiaЗаключенный в наручниках в Кальяо
Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда суюктуктун курамын аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Баткенде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери тыюу салынган химиялык кислотаны мыйзамсыз ташып бара жаткан делип кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Задержание заместителя министра транспорта Жениша Ногойбаева - Sputnik Кыргызстан
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
Ага ылайык, кечээ, 7-февралда, саат 22:50 чамасында милиционерлер Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Аны кароо учурунда 17 даана ак түстөгү пластик идиштерде жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн химиялык кислота бар экендиги аныкталган.

Учурда суюктуктун курамын аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шектүү катары 1986-жылы төрөлгөн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери менен калаанын 1994-жылкы тургуну кармалган. Алар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0