Бишкектин батыш тарабында турак үйдөн өрт чыкты. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуПожар в жилом доме в Бишкеке
Пожар в жилом доме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 17:26да келип түшкөн. Турак жайдагы өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок экендиги айтылды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектеги Дэн-Сяопин проспектиси менен Алыкул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул туурасында "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагы окурмандар билдирди.

Алардын айтымында, үйдөн анча алыс эмес жерде күйүүчү, майлоочу каражаттар сатылат жана тез тамактануучу жайлар бар. 

ӨКМ үй күйүп жатканын тастыктады. Саат 17:26да эки бөлүм жиберилген. Бир сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0