Бишкекте унаа оңдоочу жайдан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Видео, сүрөттөр

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды
Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык катталган жайда беш өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп, бир сааттан кийин жалын чектөөгө алынганы кабарланды.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн саат 14.52 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барганы айтылат.

Ошондой эле ИИМ кызматкерлери жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек.

© Sputnik / Михаил ДудинПожар на пересечении улиц Куренкеева и Абдрахманова. Вид с дрона
Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды
© Sputnik / Михаил ДудинПожар на пересечении улиц Куренкеева и Абдрахманова. Вид с дрона
Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек.
1/2
Бишкектеги унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 15.45те чектөөгө алынды
2/2
Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0