Бишкекте унаа оңдогон жайдан чыккан өрттөн 8 машина күйүп кетти. Видео

© AFP / JOSH EDELSONКүйүп кеткан автоунаа. Архив
Күйүп кеткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 9-февралда, саат 14.52лер чамасында Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдогон жайдан өрт чыгып, бир киши жабыркаган. Тилсиз жоо кечке жуук өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Борбор калаада автоунаа оңдоочу жайдан чыккан өрттө сегиз унаа күйүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 9-февралда, саат 14.52лер чамасында Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдогон жайдан өрт чыгып, бир киши жабыркаган. Тилсиз жоо кечке жуук өчүрүлгөн.

"Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттөн ичиндеги сегиз жеңил унаа — Toyota Wish, Lexus 470, Lexus 350, Toyota Cynos, BMW E34, BMW E39, Mercedes-Benz W124, Volkswagen Golf 3 күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн каза болгондор жок экендиги айтылды. Кырсыктын себеби такталууда.

Өрттүн кесепети "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0