Террордук уюмга жалданып иштеген. Шектүү колго түштү

Жазылуу
35 жаштагы А.А. 5-февраль күнү колго түшкөн. Ал террордук уюмга жалданып иштеген деп айыпталууда. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын Сирияга жөнөтүп турган киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

А.А. аттуу 35 жаштагы шектүү 5-февраль күнү кармалган. Маалыматка караганда, ал эл аралык террордук уюмга жалданып иштеп жүргөн.

Факты боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренеси ("Жалдануучулук") боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0