Өзбекстанда жасалма 20 миң доллар сатып жаткан кыргызстандык жаран кармалды

© AFP / LUIS ROBAYOСлучаи подделки долларов в Колумбии
Случаи подделки долларов в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте, жасалма акча даярдап, аны сатып жүргөн эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өзбекстандын Наманган шаарында жасалма 20 миң долларды сатуу учурунда Кыргызстандын М.Н. аттуу жараны кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 10500 жасалма евро сатууга аракет кылган киши кармалды
Ага ылайык, УКМК Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте, жасалма акча каражаттарын даярдап, аны сатып жүргөн эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койгон. Ал топто эки өлкөнүн жарандары жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен иш алып барганы айтылат.

Кыргызстандык киши ыкчам издөө иштерининин жүрүшүндө жалаң 100 долларлык купюраларды сатып жаткан маалда Наманган шаарынан колго түшкөн.

Тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0