Бишкекте жеңил унаа электр түркүгүн сүзүп, капталынан кулап калды. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу Бишкекте жеңил унаа түркүктү сүзүп, капталынан кулап калды
 Бишкекте жеңил унаа түркүктү сүзүп, капталынан кулап калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө арчаларды кыйратып, түркүктү сүзүп токтогон унааны видеого тартып алган. Алдын ала маалымат боюнча, 30 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа түркүктү сүзүп, капталынан кулап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 11-февралда, саат 15:30дар чамасында 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө (Түштүк Магистраль) болгон.

"Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, электр түркүгүн барып сүзгөн. Жабыркагандар жок", — дешти милициядан.

Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0